БАЙДАМТАЛ ЗАКАЗНИГИ
БАЙДАМТАЛ ЗАКАЗНИГИ - Ысыккөл обл-нун Тоң р-нундагы ботан. корук аймак. Боом капчыгайында, Чүй д-нын боюнан (Көкмойнок кыш-нан Байдамтал суусуна чейин) орун алган. Аянты 20 га. Сейрек учуроочу ж-а реликт чөп өсүмдүктөрү - шобер ж-а сибирь боз коңорчогун коргоо ж-а көбөйтүү максатында уюшулган.