БАЙДАРКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙДАРКА - суу спорту м-н туризминде кол­донулуучу ичке, жеңил кайык. Анын калагы кырына бекибейт, үстү люктуу палуба м-н жа­былган, эки айчыктуу калак м-н айдалып, бут м-н башкарылуучу руль м-н бурулат. Б. спорт­тук, туристтик ж-а парустук болуп бөлүнөт. С п о р т т у к Б. - палубасы жабык, 1, 2, 4 орундуу оюкчалары (кокпити) бар, эки айчыктуу калак м-н айдалуучу кайык. Спорттук Б. жука фанерадан жасалып, салм. 30 кг га жетет, тол­кунсуз тынч сууда жарышуу үчүн колдонулат. Т у р и с т т и к Б-нын тулку бүтүндүй же бүктөлмө түрүндө болуп, жыгач, темир ж-а пластмассадан жасалып, суу өткөрбөөчү материал м-н капталат. Туристтик Б. спорттукка караганда салмактуу ( 27-50 кг), эндүү, сыйымдуу, жүк көтөрүмдүү. Б. ж-а каноэде сүзүү б-ча Эларалык союзу түзүлгөн (1924). Спорттун бул түрү 1936- жылдан Олимпиада оюндарынын программасына киргизилген, 1938-жылдан ар бир 4 жылда, ал эми 1971-жылдан дүйнөлүк ж-а европанын чемпионаты жылыга өткөрүлөт. П а р у с т у к Б. калак м-н айдалуучу түрүнөн парусу ж-а тез сүзүшү м-н айырмаланат. Б-нын парустук түрү б-ча да спорттук мелдеш өткөрүлөт.