БАЙДУЛУ ТООСУ
БАЙДУЛУ ТООСУ Ички Теңиртоодо. Капкаташ тоосуна уланып, Кумбел ашуусунан батышты карай Карүңкүр (Оттук суусу) капчыгайына чейин созулуп жатат. Каракужур, Солтонсары өрөөндөрүн Оттук, Онарча өрөөндөрүнөн бөлүп турат. Уз. 56 км, туурасы 11 км, Оттук кыш. тушта 30 км ге чейин. Орт. бийикт. 3790 м, эң бийик жери 4167 м (Онарча чокусу). Ортоңку бөлүгүн Солтонсары өрөөнү кесип өтөт. Батыш жагы жапыз, аскалуу. Түн. капталы кыска, тик, түштүгү (Оттук өрөөнүнө караган бети) узун, жантайыңкы. Этеги адырлуу. Өрөөн, кокту-колоттуу. Бийигирээк чыгыш бөлүгүндө тоонун тескей тарабы тескерисинче жантайыңкы, күнгөйү тик. Жондорунда ж-а капталдарында тегиз, тайпак жерлер бар. Байыркы муз каптоолордун издери байкалат. Негизинен девон м-н карбондун чаар ж-а кызгылт кумдук, конгломерат, сланец, мергель, алевролит, акиташтектеринен түзүлгөн. Аларды жогорку карбондун гранит-диорит, гранит-сиенит интрузиялары жиреп чыккан. Тоонун тектон. ички структурасы - анын кыры м-н жарыш багытта жайгашкан Байдулу синклиналы. Ал түндүгүнөн Акташ, түштүгүнөн Түш. Соңкөл-Көкташ тектон. терең жаракалары м-н чектелген. Түн. капталдарына түркүн чөп-доңузсырттуу субальп (2800-3100 м бийиктикте), альп шалбаасы (3200 м ден жогору), күнгөй беттерине бетегелүү
талаа, түркүн чөп-бетегелүү шалбаалуу талаа (2500-3200 м), бетеге-доңузсырттуу субальп (3200-3500 м), альп шалбаалуу талаа (3500 м ден жогору), 3800 м ден өйдө бийик кырларга нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Тоонун күнгөй тарабындагы терең кууш өрөөндөрдү ж-а Онарчага караган беттеринде суйдаң карагай токойлору, бадалдуу черлер бар. Жайлоо; күнгөй бетиндеги ыктоо жерлери кыштоо катары пайдаланылат.