БАЙЗАК (Жумгал районундагы кыштак)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙЗАК (1994-ж. чейин К а й ы р м а) - Нарын обл-нун Жумгал р-нундагы кыштак. Байзак айыл өкмөтүнүн борбору. Ортокууганды суусу­нун (Жумгал суусунун оң куймасы) сол жээгин­де, деңиз деңг. 1820 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Чаек кыш-нан 10 км түн.- чыгышта. Балыкчы темиржол бекетинен 175 км. 1930-ж. отурукташкан. Калкы 5286 (2006); неги­зинен дыйканчылыкта, мал чарбасында эмгек­тенет. Орто мектеп, үйбүлөлүк врачтар тобу,
клуб, китепкана, мончо, дүкөн бар. Кыштакка жакын Төрткүл шаар чалдыбары жайгашкан. Кыштактын аты чекир саяк уруусунун белгилүү манабы Байзактын ысмында.