БАЙКАЗАКОВ
БАЙКАЗАКОВ Молдобай [1887, Чүй обл., Кемин р-ну, Жаңалыш (мурдагы Сарбагыш) айылы - 1943] - мугалим. Токмок ш-ндагы татар мектебин бүтүрүп (1903), 1916-ж. Үркүндө Кытай

жерине эл м-н бирге качып барган. Кытайдан өз айылына кайтып келип, мугалимдик ишин уланткан (1917). 1921-ж. Каракол ш-ндагы мугалимдик курсту бүтүрүп, Жаңалыш орто мектебинде 1934-ж. чейин мугалим болуп эмгектенген. 1934-жылдан Чоңкемин өрөөнүндөгү Карл Маркс атн. орто мектепте мугалим, мектептин директору болуп 1943-ж. чейин иштеген. Эл агартуу тармагындагы ийгиликтери үчүн 1939-ж. Ленин ордени м-н биринчилерден болуп сыйланган.