БАЙЛАМТА (тил илиминде)
БАЙЛАМТА 2 т и л и л и м и н д е - сөздөрдү, сөз айкаштарын, татаал сүйлөмдүн курамындагы бөлүктөрдү (жөнөкөй сүйлөмдөрдү) өзара тутумдаштырып, алардын маанилик катышын ж-а синтаксистик байланышын билдирген кызматчы сөздөр. Байланыштыруу функциясы Б-нын негизги милдети болуп саналат. Морфол. түзүлүшү б-ча Б. жөнөкөй ж-а татаал болуп бөлүнөт. Бир сөздөн турган Б. жөнөкөй деп аталып, алар тубаса (да, жана, менен, же ж. б.) ж-а туунду (себеб+и, анткен+и, ошон+дук+тан ж. б.) түрдө болот. Эки же андан ашык сөздөрдүн тизмегинен турган Б. татаал болуп эсептелет (анткени м-н, ошол себептен, ошону м-н бирге, антсе да ж. б.). Бөлүктөрдү байланыштыруу өзгөчөлүктөрүнө карай Б. бир орундуу (себеби, ошондуктан, ошондон улам ж. б.) ж-а көп орундуу же кайталануучу (же^же, не- ...не, ары...ары ж. б.) болуп бөлүнөт. Байланыштыруунун мүнөзүнө карай Б. багынычсыз (координативдик) ж-а багыныңкы (субординативдик) болот. Багынычсыз Б. бөлүктөрдүн (сөздөр, сүйлөмдөр) маанилик өзалдынчалыгын, бири-бирине көзкаранды эместигин көрсөтсө (жана, менен, ары, бирок ж. б.), багыныңкы байламталар бири экинчисине маанилик жактан көзкаранды болгон синтаксистик бирдиктерди тутумдаштырат (себеби, андыктан, ошондон улам ж. б.). Б. маанисине карай төмөнкүдөй топторго бөлүнөт: 1) байланыштыргыч (копулятивдик) - жана, менен, ары, нары, да; 2) ажыраткыч (дизъюнктивдик) - же, же болбосо, болбосо, мейли; 3) каршылагыч (адверсативдик) - бирок, антсе да, анткени менен, а, андай болсо да; 4) себеп - анткени, себеби, эмне десең; 5) натыйжалагыч - ошондуктан, андыктан, ошон үчүн; 6) шарттуу - эгер, эгерде.