БАЙЛАНЫШ СТАТИСТИКАСЫ
БАЙЛАНЫШ СТАТИСТИКАСЫ - статистиканын бир тармагы. Б. с. статистиканын жалпы теориясына таянат. Статистиканын башка тармактарындай эле ал чарбаны башкаруунун бардык талабын канааттандырат. Анын көрсөткүчтөрү ушул максатка ылайыкталып түзүлүп, алар статистикалык отчёттор, күндөлүк тех. ж-а бухг. эсептин маалыматтары аркылуу жыйынтыкталат.