БАЙЛАНЫШ ЭНЕРГИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:22, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_1-69_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙЛАНЫШ ЭНЕРГИЯСЫ - элементардык бөлүкчөлөр системасын байланыштыруучу энергия м-н ошол бөлүкчөлөрдүн эркин абалында­гы энергия суммасынын ортосундагы айырма. Ал энергия ядрону айрым нуклондорго ажыра­туучу энергияга барабар. Б. э. ядронун турук­туулугун мүнөздөйт. Туруктуу системанын байланышы терс ж-а абс. чоңдугу канчалык жого­ру болсо, система ошончолук бышык болот. Мис., атом ядросу үчүн Б. э. ядродогу нуклондор­дун күчтүү аракети м-н аныкталат. Эйнштейн катышына ылайык масса дефектисине пропор­циялуу: Дт/ДЕ=Дтс2. Атом ядросундагы нук­лондор (протон ж-а нейтрондор) кармап туруу­чу Б. э. миллиондогон эВ м-н ченелет. Өтө туруктуу ядронун Б. э. 8 .106 эВ/нуклонго (сыйымдуу Б. э.) барабар. Бул энергия жеңил ядролордун оор ядрого кошулушунда, о. эле оор ядронун тез ажырашында бөлүнүшү мүмкүн. Мында сыйымдуу Б. э-нын төмөндөшү атомдук номердин өсүшү м-н түшүндүрүлөт, к. Радиоактивдүүлүк.