БАЙМУНДУЗ
БАЙМУНДУЗ , И н т е р н а ц и о н а л - Жалалабат обл-нун Базаркоргон р-нундагы кыштак. Бешикжон айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору Базаркоргон кыш-нан 10 км түн.-чыгыш тарапта. Жалалабат темиржол бекетинен 36 км. 1932-ж. отурукташкан. Деңиз деңг. 750 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 2500 (2002); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП, клуб, мечит, мончо ж. б. Бар.