БАЙОВАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:22, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_1-69_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙОВАР , С е ч у р а - Түш. Америкадагы фос­фориттин ири кени. Перуда. Тынч океандын жээгине жакын Сечура чөлүнүн борб. бөлүгүндө жайгашкан. 1958-ж. ачылган, жер үстүнөн ачык казып алууга болот. Фосфориттин жалпы запасы 816 млн т, эсептелип бекитилгени 262 млн т2О5 - 12-30,5%). Фосфориттер миоцен мезги­линин деңиз чөкмө катмарлары м-н байланыш­туу. Пайдалуу катмар диатомит, акиташтеги ж-а кумдуу чополордон түзүлгөн. Калыңдыгы 40 кмге жетип, 12 м тереңдикке чейин уланат. Негизги кенташ участкасынын аянты 48 км 2дей.