БАЙРАК ТОКОЙЛОРУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:22, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_1-69_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙРАК ТОКОЙЛОРУ — негизинен токойлуу ж-а талаа зонасынын түн. бөлүгүндөгү кокту­колоттуу жерлерде таралган токой массивдери. Азыр алардын айрым бөлүктөрү гана аралча түрүндө сакталган, айрыкча Россиянын европ. бөлүгүндө гана кеңири таралган. Анда эмен, акчечек, кызылкарагап, каражыгач, майда жалбырактуу жөкөдарак, кайың, зараңдын түрлөрү, жапайы алма ж-а алмурут ж. б., Сибирде кайың басымдуу. Бадалдардан лещина, бересклет, шилби, долоно ж. б. кезигет. Ным сактоодо, эрозияга каршы мааниси бар. Жыгачтары ти­ричиликке кеңири пайдаланылат.