ГУЛЯМДАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:51, 22 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГУЛЯМДАР (ар. гулям – улан, жаш жигит, кул) – 1) о. кылымдардагы мусулман өлкөлөрүндөгү кулдардын аталышы. 2) Аббасиддер халифатында халиф Момундун тушунда (813–833-ж. башкарган) негизинен туткундалып, сатылып келинген түрк элдеринин өкүлдөрүнөн түзүлгөн туруктуу атчан аскерлер (гвардия). Г. деп (синоними – мамлюктар) о. кылымдарда башка мусулман өлкөлөрүндөгү өкүмдарлардын сарайдагы жеке гвардиясы да аталган. 3) Осмон империясындагы катардагы элдик кошуундун жоокерлери. 4) Дели султандыгындагы түрк тектүү жоокер-кулдар ж-а алардан чыккан 1206–90-ж. султандыкты башкарган султандар.