БАЙТИК (Аламүдүн районундагы кыштак)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙТИК , О р т а л ы ш - Чүй обл-нун Аламүдүн р-нундагы кыштак. Байтик айыл өкмөтүнө ка­раштуу. Аларча суусунун сол жээгинде, деңиз деңг. 1160 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Лебединовка кыш-нан 25 км түш.-батыш тарапта. Бишкек ш-нан 20 км. 1850-ж. оту­рукташкан. Калкы 2264 (2005); негизинен жа­шылча өстүрүүдө эмгектенет. Орто мектеп, ке­сиптик-тех. окуу жайы, балабакча, бейтапкана, мад-т үйү, китепкана, универмаг, ашкана, тур­муш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар.