БАЙТИК ӨРӨӨНҮ
БАЙТИК ӨРӨӨНҮ Кыргыз Алатоосу м-н Бозбөлтөктүн аралыгынан орун алган. Аянты 170180 км2. Уз. 18-20 км, туурасы 8-12 км. Деңиз деңг. орт. бийикт. 1100-1300 м. Жеринин бети

түз, чыгышты карай өрөөн бир аз бийиктеп, адырларга өтөт. Өрөөн негизинен шиленди тектерден турат, чет-жакаларында неогендин кумчополуу тоотектери жербетине чыгып жатат. Климаты мелүүн континенттик; январдын орт. темп-расы -4,8°С, июлдуку 17,9°С. Жылдык жаан-чачыны 520 мм. Өрөөндөн Аларча, Аламүдүн суулары агат. Жер астындагы суулары Бишкек ш-н камсыз кылат. Б. ө-нө ачык-күрөң топурактуу түркүн дан өсүмдүктүү ж-а шалбаалуу талаа ландшафты мүнөздүү. Азыр баары айдоого айланган. Б. ө-ндө Ташдөбө, Стрельникова, Байтик, Кашкасуу, Арчалы кыш. жайгашкан. Өрөөн аркылуу Бишкек ш-нан Аларча улуттук паркына баруучу автомобиль жолу өтөт.