БАЙТИК ЧОПО КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:22, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_1-69_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙТИК ЧОПО КЕНИ Чүй обл-нун Сокулук р-нунда, Орок кыш-нан 500 м түш.-чыгышта. Басбөлтөк дөңсөөсүнүн түш.-батыш капталын­да. 1954-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүр­гүзүлүп, запасы эсептелген. Кендин аймагын антропоген мезгилинин борпоң чөкмөтектери түзөт. Чопо катмары делювий чөгүндүлөрүнөн пайда болгон дөңсөөдө жайгашып, лёсс сымал күлбо­тодон турат. Боз, саргыч боз түстө. Тыгыз, чанда бирин-серин шагыл бүртүкчөлөрү, гипс линзалары кездешет. Калыңдыгы 0,8 - 21,0 м. Грану­лометриялык курамы: 0,005 мм - 9,6% ; 0,005 - 0,01 мм - 41,5%; 0,01 - 0,25 мм - 42,7%; 0,25 мм - 2,05%; 0,5 - 1,0 мм - 1,2%; 1,2 мм - 3,0%. Чоподон «75» ж-а «100» маркасындагы кирпич жасалат. Запасы А+В+С1 категориялары б-ча 5607 миң м3. Казылып алынууда.