«БАЙЧЕЧЕКЕЙ»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«БАЙЧЕЧЕКЕЙ» - балабакча ж-а башталгыч класс курагындагы балдарга арналган, түстүү сү­рөттүү, адабий-көркөм журнал. 1977-жылдын ян­варынан баштап чыгууда. Башкы редактору - акын Т. Самудинов. Максаты - бөбөктөрдү мек­тепке даярдоочу ж-а баштооч мектеп программасын толуктоочу материалдарды жарыялоо м-н жеткинчектин таанып-билүү жөндөмүн арт­тырууга ж-а эне тилинин байлыгын, көркөм касиетин өздөштүрүүгө көмөктөшүү. Негизги рубрикалары: «Ата журтуң - алтын уяң», «Кел, чо­гулуп окуйлу!», «Сабактан кийинки сабак», «Та­биятты сүй, үйрөн, кастарла!», «Эмне үчүн мин­тип айтабыз?», «Куйма кулак балдарга», «Туу­ган жердин аттары», «Адептүүлүктүн алиппеси», «Сөз оюндар». Испаниялык «Асіиаіійай» жур­налынын эл аралык сыйл. м-н сыйланган (2003).