БАЙЫРКЫ АКЧА-ТОВАР МАМИЛЕЛЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙЫРКЫ АКЧА-ТОВАР МАМИЛЕЛЕРИ , Ал­гачкы жамааттык коомдо эле адамдар өзара өзүлөрүндө болгон буюмдарды башка керектүү буюмга алмашышкан. Мындай жөнөкөй алма­шуу акча-товар мамилелеринин алгачкы белги­леринин пайда болушуна түрткү болгон. Уруу­лар арасында тери, сөөк ж-а курал жасоого ың­гайлуу таш тектерин алмашышкан. Кийин ал­машууда көп колдонулган товарлардын түрлөрү келип чыккан. 18-к-га чейин Инди океанынын жээктеринде алмашуу товары катары каури үлүлдөрү кызмат кылган. Алардын негизинде өзгөчө акча системасы иштелип чыккан. Мис., Африка аймагында жипке тизилген 40 каури­ден турган «боо» деп аталган акча системасы болгон. 50 боо бир «башты» (2000 каури) түзгөн. Тышкы соодада 3 баш бир долларга тете болгон. Меланезияда акча катары акула тиши, Калимантанада уйдун башы, Түн. Америка ин­деецтеринде вампун (раковинадан, үлүлдөн ти­зилип жасалган) курлары, Африкада пилдин сөөгү, кырдуу туз сыныктары, Монголияда таш чай (такта чай), байыркы кыргыздарда тыйын чычкандын териси (тыйын деген ушундан калган) колдонулган. Адамзат тыйын чыкканга чейин тыйындын милдетин аткарган жүздөн ашык нерсени пайдаланышкан. Ар кандай көлөмдөгү куйма металлдар товар алмашууда тез орун алган. Себеби ал бузулбайт, көп орун­ду ээлебейт, сактаганга ж-а алып жүргөнгө өтө ыңгайлуу. Кийинчерээк соодада орчундуу орун­ду алтын, күмүш ээлейт. Алардан алгачкы ты­йындар жасала баштайт. Тыйындын мекени Кичи Азиядагы Лидия эсептелет. Биринчи ты­йындар б. з. ч. 7-к-дан белгилүү. Кырг-нда эң байыркы товар алмашуу мамилесин коло доо­рунун айрым эстеликтери аркылуу баамдайбыз. 1958-ж. Сокулуктан б. з. ч. 2-миң жылдыкка тиешелүү 17 коло орогунун тобу табылган. Орок­торду жерг. уста жасаганы эч талашсыз ж-а алар алмашуу үчүн жасалган деп болжоого болот. К. Табалдиев.