БАЙЫРКЫ ЕВРЕЙ ТИЛИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙЫРКЫ ЕВРЕЙ ТИЛИ - семит тилдеринин бири. Библия (Эски осуят, б. з. ч. 12-3-к.) ж-а Палестинадагы жазмалар (б. з. ч. 8-2-к.) аркы­луу белгилүү. Б. з. ч. оозеки түрдө өнүккөн. Б. е. т. илгери ханакей, кийин мишнаит (Тал­муддун алгачкы үлгүлөрү) тилдери деп аталган. Б. е. т-нде диний, филос.-ил. ж-а көркөм ада­бий чыгармалар жаралган. Бул тил кийин көп өзгөрүүлөргө учураган. Анын «мураскору» иврит тилинин лексикасында семит элементтери басымдуу.