БАЙЫРКЫ СЛАВЯНДАР
БАЙЫРКЫ СЛАВЯНДАР - инди-европа тилинде сүйлөгөн уруулардын тобу; борб., түш. ж-а чыгыш европалык азыркы славян элдеринин ата-бабалары. Б. с. тарыхый даректерде, б. з. 1-2-к-да «европалык Сарматия», Карпат м-н Балтика деңизинин аралыгында, Чыг. Германияда жашаган венеддер деген ат м-н белгилүү болгон. Алар тууралуу грек-рим ж-а византиялык тарыхчылар Тацит, Птолемей, Иордан ж. б-дын эмгектеринен кездешет. Көпчүлүк окумуштуулардын пикири б-ча Б. с. Висла д-нын чыгышынан орун алышкан. Б. з-дын 2-4-к-нда герман урууларынын (готтор, гепиддер) түштүккө оошунан Б. с-дын аймактык бүтүндүгү бузулуп, батыш ж-а чыгыш тарапка обочолонот. 5-к-да хунндардын бийлиги кулагандан кийин, Б. с. түштүккө оошуп, Византия империясынын Балкан провинцияларына басып кире башташкан. Ошол учурда алар ант ж-а склавин деген эки топко бөлүнөт. Балкан ж. а-н басып алуу м-н бирге эле Борб. ж-а Чыгыш Европадагы мурдагы жерлери да алардын карамагында калган. 1-миң жылдыктын 2-жарымында славяндар мурда чыгыш балт ж-а финн-угор урууларына тиешелүү болгон Жогорку Днепрди ж-а анын батышын, о. эле Эльбанын төмөн жагын ж-а Балтика деңизинин түш.-батыш жээгин ээлеп алышкан ж-а Европадагы эң ири этностук топко айланган. Б. з-дын 1-миң жылдыгынын аяк ченинде байыркы славян мамлекеттеринин пайда болушу м-н о. кылымдагы славян элдери (поляктар ж-а чехтер, кийинчерээк словактар, словендер, сербдер, болгарлар, чыгыш славяндарда байыркы орус эли) калыптана башта ган.
Ад.: Седов В. В. Славяне в древности. М., 1994; Третьяков П. Н. Финно-угры, балты и славяне на Днепре и Волге. М.; Л., 1961.