БАЙЫРКЫ ТОО КЕН-МЕТАЛЛ ӨНДҮРҮШҮ
БАЙЫРКЫ ТООКЕН-МЕТАЛЛ ӨНДҮРҮШҮ К ы р г ы з с т а н д а г ы. Кен казып алуу, металл эритүү ж-а тиричиликке керектүү буюмдарды жасоону өзүнө камтыган металл өндүрүшү байыркы мезгилден эле чарбанын негизги тармагынын бирине айланган. Металл өндүрүшү коомдук мамилеге да таасирин тийгизет. Металл өндүрүшүнүн калыптанышы ж-а өнүгүшү ар кайсы аймакта жашаган уруулардын байланышын кеңейтип, товар алмашууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн. Окумуштуулардын пикири б-ча Кырг-нда тоокен өндүрүшү мустье доорунан башталган. Байыркы адамдар таштын сапаттуу тектерин атайын издеп таап, курал жасашкан. Керектүү таш теги жайгашкан жерде байыркы адамдардын таш курал жасай турган жайы - устаканалары орун алган. Мындай устаканалар Түш. Кырг-ндын Капчыгай, Юрташсай деген жерлеринен табылган. Бир тектүү, курч миздүү, курал жасаганга ылайыктуу таш теги байыркы адамдар тарабынан миңдеген жылдар бою пайдаланылган. Таш куралдарынан соң адамдар алгач жезди пайдаланышкан. Кенден жезди бөлүп алуу б. з. ч. 8-6-миң, күмүш ж-а коргошунду колдонуу 7-6-миң, алтынды пайдалануу б. з. ч. 5-миң, колону колдонуу б. з. ч. 4-миң жылдыктарга туура келет. Байыркы адамдар жез м-н калайдын куймасынан колону алышкан. Коло доорунда металл өндүрүп, андан калыпка куюу жолу м-н сапаттуу эмгек куралдарын жасашкан. Коло буюмдар чарбачылыкта, үй-тиричилигинде, согуш ишинде кеңири колдонулган. Чүй өрөөнүндө, Ысыккөлдүн чыгышында, Кочкор өрөөнүндө табылган коло буюмдарынын кенчтери коло доорунда металл иштетүүнүн өзгөчө ыкмалары болгондугун далилдеген. Мындай археол. өзгөчөлүк «Жетисуу металл иштетүү очогу» деп аталган. Чуст мадтында коло күзгү, орок куя турган таш калыптар ж-а курамына калай, мышьяк кошулган жез, коло буюмдары табылган. Кырг-нда байыркы мезгилден эле калай өндүрүү болгондугун Сарыжаздагы Атжайлоо, Жыланды деген жерлерден табылган эстеликтер ырастайт. Байыркы мезгилден кен байлыкты кеңири иштеткен жерлер Талас өрөөнүндө да көп ачылган. Коло доорунда коргошун өндүрүлгөн. Таштөбө көрүстөнүнөн табылган алтын жерг. алтынга окшош болгон. Эрте темир доорунда Кырг-ндагы тоокен байлыктарын казуу кыйла өздөштүрүлгөн. Археол. маалыматтар темир, күмүш, алтын, коргошун, калай, сымап, цинк, туз кендери иштетилгендиги ж-дө даректүү кабарларды берет. 9-10-к-дагы кытай жазма булактарында кыргыздарда алтын, темир, калай болгондугу баяндалган. Алардан сапаттуу куралдар жасалып, түрктөргө сатышкан. 10-12-к-га таандык темир иштеткен көлөмдүү комплекс Балыкчы ш-на жакын жердеги Сарыбулуң жергесинде жайгашкан. Темирдин көп өлчөмдө иштетилиши Жумгал жергесиндеги о. кылымдарга таандык Түгөлсай шаарчасынан баамдоого болот. Талас өрөөнүндөгү Киров суусактагычы турган жердеги Садыркоргон шаар калдыгынан 9- 12-к-га тиешелүү 70тен ашуун кен казган жерлердин орду табылган. Бул жерде биринчи кезекте күмүш казылып алынган. Кырг-нда металл өндүрүшүнө байланыштуу жер-суу аталыштары арбын кезде шет.
Ад.: История Киргизской ССР с древнейших времён. Ф., 1984. Т. I. К. Табалдиев.