БАЙЫРКЫ ТҮРК ЖАЗМА ЭСТЕЛИКТЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙЫРКЫ ТҮРК ЖАЗМА ЭСТЕЛИКТЕРИ - 6- 12-к-дагы түрк уруулары м-н элдерине тиешелүү жазма эстеликтер. Ташка, кагазга рун, уйгур, брахма, согду, манихей, сирия (эстрангело) жа­зуусунда араб тамгасы м-н түрк тилинде жа­зылган баяндамалардан турат. Б. т. ж. э-н не­гизинен рун жазмалары түзөт. Ал эрте о. кы­лымдарда Орхон, Енисей жээктеринде, Чыгыш Түркстан аймагындагы көчмөндөрдүн арасында жаралган. 6-7-к-да Борб. Азиянын түрк тилинде сүйлөгөн калктары, түрк кагандарына баш ий­ген элдер төмөнкү Волгадагы, Дон, Түн. Кавказдагы түрк уруулары өз жазуулары катары колдонушкан. Алгач рун жазуулары бири бири м-н байланышпаган 37 же 38 белгиден турган. Алар согду жазуусуна караганда жыгачка ж-а ташка түшүргөнгө жакшы ылайыкташкан. Рун

Рун жазмалары м-н баяндалган Тонйукукка арналган эстелик (8-к., азыркы Моңголия аймагы).

жазмасы түрк ти­линин фонет. өз­гөчөлүктөрүн так берген. Үнсүз бел­гилер үндүү тамга­нын алды же арт жагына келишине

жараша эки түрдө, оңдон солду карай горизон­талдык абалда жазылган. О. эле тик жазыл­ган учурлары да кездешет. Алар гот же скандинавия рун жазуулары м-н салышгырылып изил­денген. Рун жазуулары деп аталып калышы ошол себептүү. Рун жазууларынын келип чыгышы ж-дө окумуштуулардын арасында тө­мөндөгүдөй пикирлер бар: 1) кельт-гот уруула­рына таандык; 2) енисей кыргыздарынын жа­зуусу; 3) грек-гот алфавити м-н түздөн-түз байланыштуу; 4) унутулган орус жазуусунун үл­гүсү; 5) аска бетине жазылган финн-угор там­галарынын үлгүсү; 6) грек, түн. финикий, түш. семит алфавиттери м-н жакындыгы бар; 7) иран­дын тамгаларына окшоштугу бар; 8) грек алфа­витинин византиялык, эфталиттик формалары колдонулган; 9) б. з. ч. 8-5-к-дагы Казакстан­дагы Ысык көрүстөнүндөгү «алтын адамдын» жанынан табылган күмүш табактын түбүндөгү жазуу байыркы түрк рун жазуусунун башаты; 10) С. Г. Кляшторныйдын пикиринде рун жазуу­су согду жазуусунун негизинде жаралган. Рун жазуусун негиздөөчүлөр согду алфавитинин тамгаларын ж-а ага мүнөздүү үндүү тамгаларды бел­гилөөдөн баш тартышып, силлабарий (муун эсе­бине жараша түзүлгөн сөз) иштеп чыгышкан. Ж. Клосондун изилдөөсү б-ча согду жазуусу­нан тышкары гректердин кол жазмага окшош ариби ортоперсия (пехлеви) жазуусу пайда­ланылган. Байыркы рун алфавитин 7-9-к-да О. Азиянын көптөгөн мамлекеттери пайдалан­ган. 10-к-да рун жазуусу Моңголияда эски жазуу катары сакталган. Ал эми Енисейде, Алтайда, О. Азиянын түн. чыгышында 10-11-к-га чейин пайдаланган. С. Г. Кляшторный байыркы рун жазмасын колдонулганына, мезгилине, аймагына ж-а жанрына карата төмөндөгүдөй тизмектештирет: 8-11-к-дагы Кыргыз каганды­гынын жазуулары (Енисей бою); 7-8-к-дагы Чыгыш Түрк кагандыгынын жазуулары (Моңголия, Алтай); 8-10-к-дагы Курыкан уруу бирикмеси­нин жазуулары (Лена, Прибайкалье); 8-9-к-дагы Уйгур кагандыгынын жазуулары (Моңголия); 8-к-дагы Батыш Түрк кагандыгынын жазуулары (Жетисуу, Фергана); Хазар кагандыгынын жазуулары (Таласта табылган жыгач таякчадагы жазуу); 9-10-к-дагы Кимак мамлекетинин жазуулары. Жазуу эстеликтери жанры жагынан 6 топко бөлүнөт: 1) тарыхый-библиогр. текст­тер; 2) эпиграфикалык лирика поэзиясы; 3) аска бетиндеги, таштардагы, курулуштардагы орчун­дуу окуяны белгилеген жазуу; 4) диний, адабий тексттер; 5) Дунхуандагы ж-а Мирандагы иш кагаздары; 6) тиричилик буюмдарындагы бел­гилер (буюм ээсинин ысмы, каалоо). 8-11-к-да Енисей боюнда жаралган рун жазуулары Талас­тагы жазуулар м-н жакындыгын түркологдор баса белгилешет. Бул жазуулардын мүнөзүнө караганда атайын жазмакерлерден башка, калк­тын бир бөлүгү да аны жаза билишкен. Жазуу­ларда сөз чеберчилиги кыйла өздөштүрүл гөн.

Ад.: Кляшторный С. Г. Древнетюркские рунические памятники как источник по истории средней Азии. М., 1964; Жумагулов Ч. Эпиграфические памятники Киргизии. Ф., 1988. К. Табалдиев.