БАЙЫРКЫ УЙГУР ТИЛИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙЫРКЫ УЙГУР ТИЛИ - орхон түрктөрүнүн, б. а. байыркы огуздардын тилине жакын тил; байыркы жазуу эстеликтери бар жазма тилдердин бири. Бул тилде орхон тамгасы м-н ташка чегилген байыркы эстелик (Селенга боюнан табылган), 5-8-к-дагы байыркы уйгур тамгасы м-н жазылган манихей-уйгур, будда-уйгур сы­яктуу диний маанидеги чыгармалардын котормолору (манускрипти), 10-15-к-дагы араб тамгасы м-н жазылган мусулман-уйгур эстеликтери бар. Б. у. т-нин фонет. түзүлүшү үчүн и-е, д-т, с-ш тыбыштарынын алмашуулары мүнөздүү. Анда катар муундардын чегинде лт, рт, нт ты­быш айкаштары келет (болтумуз - болдук, бил­тимиз - билдик). Б. у. т-нин граммат. түзүлү­шүндө атоочтуктун байыркы (-ма: йор-ыг-ма - бараткан) ж-а тангыч формасы (-матын, -метин, -мэтин: билмэтин - билбестен) учурайт. Лексикасында байыркы иран, араб тилдеринин эле­менттери бар.

Ад.: Малов С. Е. Памятники древнетюркской письменности. М.-Л., 1951; Баскаков Н. А. Тюркские языки. М., 1960; Насилов В. М. Древнеуйгурский язык. М., 1963.