ГУМБОЛЬДТ Вильгельм

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 22 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГУ́МБОЛЬДТ Вильгельм (22. 6. 1767, Гютсдам – 8. 4. 1835, Берлинге жакын) – немец тилчиси, философ, мамл. ишмер, немецтик классикалык гуманизминин көрүнүктүү өкүлү. Одердеги Франкфурт ж-а Гёттинген ш-ларындагы ун-ттерден (1787–89) укук б-ча билим алган. Пруссия ИАны кайра куруп, Берлин ун-тине негиз салган. Бул ун-т кийин Г-тун ысмынан аталган. Г. тил илими, ад-т теориясы, филос. маселелер б-ча орчундуу эмгектерди жазган. Тил ж-а аны изилдөө аспекттери б-ча Г. филос.-лингв. программаны иштеп чыккан. Анын негизинде тил илимине «гумбольдтчулук» деген түшүнүк кирген. «Ява аралындагы кави тили жөнүндө» (1836–39) деген эмгегинде тилдин адам турмушундагы маанисин көрсөткөн. Андагы айтылган Г-тун идеялары кийин тил илиминин (19-к-дагы психол. мектеп, 20-к-дагы амер. этнолингвистика ж. б.) өнүгүшүндө маанилүү орунду ээлеген, о. эле бүткүл Батыш Европа философиясындагы агымдардын бири – филос. антропологияга негиз болуп калган.