БАЙЫР ПРИБОРЛОРУ
БАЙЫР ПРИБОРЛОРУ , б а з и с т и к п р иб о р л о р — жер бетиндеги бир багыт б-ча белгиленген аралыктын же базистин узундугун өтө тактык м-н ченей турган геод. прибор. 1880-ж. швед геодезисти Едерин ойлоп чыгарган. Б. п. 1-жолу Россияда колдонулган. Алгачкы учурда темир сызгычтар колдонулса, азыр: 1:1 000 000дон ашпаган тактыкты камсыз кылуучу инвар зымы пайдаланылат. Зымдын уз. 24 м. Эки учундагы 8 смлик аралыктар мм шкалаларга бөлүнгөн. Аралыктын узундугу, зымдын эки учуна 10 кг дык жүктөр илинип, зым керилгенден кийин гана ченелет.