БАЙЫР ПРИБОРЛОРУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙЫР ПРИБОРЛОРУ , б а з и с т и к п р и­б о р л о р — жер бетиндеги бир багыт б-ча белгиленген аралыктын же базистин узундугун өтө тактык м-н ченей турган геод. прибор. 1880-ж. швед геодезисти Едерин ойлоп чыгарган. Б. п. 1-жолу Россияда колдонулган. Ал­гачкы учурда темир сызгычтар колдонулса, азыр: 1:1 000 000дон ашпаган тактыкты камсыз кы­луучу инвар зымы пайдаланылат. Зымдын уз. 24 м. Эки учундагы 8 смлик аралыктар мм шкалаларга бөлүнгөн. Аралыктын узундугу, зымдын эки учуна 10 кг дык жүктөр илинип, зым керилгенден кийин гана ченелет.