БАКАЕВ Ашырбек Бешкемпир уулу
БАКАЕВ Ашырбек Бешкемпир уулу (20. 12. 1948-ж. т., Чүй обл., Аламүдүн р-ну, Ташдөбө айылы) - генерал-майор (2000). 1970-ж. СССР ИИМ- дин Оржоникидзе аскердик-командалык окуу жайын (1970), Целиноград мамл. пед. ин-тунун филология ф-тин (1985), КУУнун юридика ф-тин (1999) бүткөн. 1975-95-ж. Алматы ш-нда взвод командири, башкы полктун командири, Казакстандын Ички аскерлер штабынын начальнигинин орунбасары ж-а Респ. гвардиясынын аскердик күжүрмөн даярдык бөлүмүнүн на-

чальниги. Афганстанда Революцияны коргоо Башкы башкармалыгынын атайын ж-а ыкчам аскер бөлүктөрүнүн улук аскер кеңешчиси болгон. 1995-97-ж. КР ИИМдин Ички аскерлер командачысынын 1-орунбасары - штаб начальниги, 1997-99-ж. Ош, Жалалабат обл-нда аскер бөлүктөрүнүн курамын камтыган 3-бригаданы уюштурган ж-а анын командири, 1999-жылдан КР ИИМдин Ички аскерлер командачысы. 1999-ж. ал жетектеген ички аскерлердин курама «Шер» отряды Баткен аймагында террорчуларга каршы согуштук аракеттерде күжүрмөндүгү м-н айырмаланган. Б.- көптөгөн макала, монографиялардын ж-а КРдин Куралдуу Күчтөрүндө пайдаланылып жаткан 100дөн ашык аскердик терминдердин автору. «СССР Куралдуу Күчтөрүндө Атамекенге кызмат кылгандыгы үчүн» 1-, 2-, 3-даражадагы, Афганстандын 1-даражадагы Алтын жылдыз, Россиянын «Атамекен алдындагы сиңирген эмгеги үчүн», 1-даражадагы «Улуу Пётр» ордендери ж-а медалдар, а. и. Эрдик медалы м-н сыйланган. КРдин Өкмөтүнүн Алтын Дипломунун лауреаты (2003).