БАКАЙЫР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКАЙЫР - Карабуура р-нундагы суу, Талас суусунун сол куймасы. Уз. 43 км, алабынын аянты 196 км2. Талас Алатоосунун түн. капта­лынан башталат. Жогорку агымы кууш капчы­гай аркылуу шар агат. Төмөнкү агымында нугу кеңейип, тайыздайт. Жалпы уз. 33 км 13 өзөн куят. Ирилери: Курубакайыр, Суулубакайыр. Май айында кирип, октябрда тартылат. Жылдык орт. чыгымы 0,70 м3/сек; эң көбү 1,19 м3/сек, эң азы 0,20 м3/сек. Акчий кыш. тушта сугатка бөлүнөт. Боюнда Бакайыр кыш. жайгашкан.