БАКАЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:22, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_1-69_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКАЛАР (Капігіае) - жерде-сууда жашоочулар­дын куйруксуздар тукуму. Уз. 3-20, кээде 32 см ге жетет. Тиштери үстүнкү жаагында жайгашкан. Денеси субагай, арткы буттары узун, секирүүгө ыңгайлашкан. Б-дын 8 тукумчасынын 46 уруу­су, 555 түрү Түш. Америка, Түш. Австралия ж-а Жаңы Зеландиядан башка бардык жерде кеңи­ри таралган. Эң көп кезигүүчү кадимки бака­нын Капа тукумчасы 200дөй түрдү камтыйт, а. и. эң чоң голиафа (уз. 32 см, салм. 3 кг) ж-а

Бакалар: 1 - кадимки сасык бака; 2 - көлмө бакасы; 3 - венесуэла мүйүздүү бакасы; 4 - кадимки бака.

өгүзбака (уз. 20 см ге, салм. 600 г га жетет). Бу­лардын арткы бутунун манжалары сүзгүч жар­гакча м-н бириккен, тилинин учу тилик болуп, жемин илип алууга ыңгайланган. Кургакта ж-а сууда жашоочу түрлөрү бар. Көл бакасы Европа, Кавказ, Казакстан, О. Азияда жолугат. Кургакта жашоочу Б. күрөң, сууда жашоочулар жашыл түстө. Айрымдары көлмөгө жакын ным­дуу жерде жашап, сууга көбөйүү үчүн гана барат. Негизинен учуп жүрүүчү курт-кумурскалар, майда омурткасыздар м-н азыктанат. Б-дын айрымдары көлмөдө, кээ бири кургакта кыштайт. Сууда гана көбөйөт, ургаачысы 500дөн 11 миңге чейин жумуртка тууйт. Көнөкбашы 2 жылда жетилет. Айрым түрү көп өлкөлөрдө тамак катары пайдаланылат. Кырг-нда 3 түрү кездешет. Лабор. изилдөөлөрдө пайдаланылат.