БАКАЛООР БУТТУУЛАР
БАКАЛООР БУТТУУЛАР (Вгапсһіоройа) - өтө жөнөкөй түзүлүштөгү раксымалдар классчасы. Кембрий мезгилинен бери белгилүү. Башы көкүрөк сегменттери м-н бирикпейт. Фасеттүү көзү бар. Жалбыракка окшош буттары сүзүүгө, дем алууга ж-а азыктанууга жардам берет. 740ка жакын түрү бар. Көбүнчө тузсуз сууларда кезигет. Деңизде сейрек учурайт. Б. б. ж-а жалбырак буттуулар деген 2 түркүмгө ажыратылат.