БАКАСОВ
БАКАСОВ Сталбек Сабдракунович (1950-ж. т. Ысыккөл обл., Жетөгүз р-ну, Аңөстөн кыш.) - педиатр, медицина илимд. доктору. КММИни бүтүрүп (1977), ошол эле жерде ординатура ж-а аспирантураны бүтүргөн (1982). КММАда доцент, 1997-жылдан кафедра башчысы. Балдар кардиоревматологиясы б-ча адис. 90дон ашык ил. эмгеги, а. и. 1 монографиясы бар.