БАКАШОВА
БАКАШОВА Жылдыз Кемеловна (26. 4. 1960-ж. т., Ысыккөл обл., Каракол ш.) - адабиятчы, журналист, педагог, филология илимд. доктору (1998). КМУнун журналистика бөлүмүндө
(1977-82) окуган. 1988-92-ж. КМУнун журналистика ф-тинде окутуучу, 2000-ж. аталган окуу жайда декан, 2003-ж. КР ТИМдин Дипломатия академиясынын проректору, 2005-жылдан Улуттук китепкананын директору. Кыргыз ад-тына ж-а жаңы чет элдик ад-тка, о. эле кыргыз журналистикасынын тарыхына, Ч. Айтматовдун чыгармаларынын көркөмдүгүн, поэтикасын талдоого арналган 30дан ашуун ил. эмгеги, а. и. 2 монографиясы бар.
Эмг.: Сравнение и метафора в произведениях Чингиза Айтматова. Б., 1997; Художественное мастерство Ч. Айтматова. Б., 2000; Кыргыз журналистикасынын тарыхы. Б., 2002; Журналистика жана коом. Б., 2003.