БАКБО БУЛУҢУ
БАКБО БУЛУҢУ , Т о н к и н б у л у ң у Түш. Кытай деңизинде, Кытай м-н Вьетнамдын жээгинде. Деңизден Лейчжоу ж. а. м-н Хайнань а., материктен Хайнань кысыгы бөлөт. Уз. 330 км, жазылыгы кире беришинде 241 км, тереңдиги 82 м ге чейин. Суткасына 1 жолу ташкындайт (5,9 м ге чейин). Порту - Хайфон (Вьетнам).