БАКТЕРЕК ГИПС КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:22, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_1-69_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКТЕРЕК ГИПС КЕНИ Нарын обл-нда, Кула­нак кыш-нан 6-7 км түш.-чыгышта, Бактерек суусунун башында, деңиз деңг. 2000-2552 м би­йиктикте. 1959-60-ж. геол. чалгындоо жумуш­тары жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Кен аймагын неогендин чөкмөтектери түзөт. Алардын арасындагы гипс катмарларынын калыңдыгы 1,5-14,5 м, уз. 5 км ге чейин. Гипсте катмарча ж-а линза сымал (калыңдыгы 0,5 м ге чейин) жаткан акиташтеги, чопо кездешет. Кендеги гипс 93,5%ке чейин. Ак, агыш боз, кызгылтым түстө. 1-сорттогу курулуш гипси алынат. Карьер­ден ачык казып алууга болот. Запасы А+В+С1 категориялары б-ча 1353 миң т.