БАКТЕРИЯЛАР
БАКТЕРИЯЛАР (гр. Ьаеіёгөи-таякча) - клеткасы прокариот тибиндеги (ядросу жок) бир клеткалуу организмдер. Голл. окумуштуу А. Левенгук өзү ойлоп тапкан микроскоп м-н алгач Б-ды жамгыр суусунда, тиш киринде, топуракта ж. б. болорун көрүп, сүрөттөп жазган. Фр. окумуштуу Л. Пастер Б-дын зат алмашуусун изилдеп, алардын табияттагы чирүү, ажыроодогу маанисин, оору козгоочу касиеттерин ачкан. Б. жөнөкөй түзүлүштө болуп, сыртынан клетка кабыкчасы м-н капталат ж-а клетка ортосунан экиге бөлүнүү жолу м-н көбөйөт. Ал тоголок (кокктор), таякча сымал (бациллалар, клостридиялар), ийри-буйру (вибриондор, спириллдер, спирохеталар) формада болот; диаметри 0, 1-10 мкм, уз. 1-20 мкм, ал эми күкүрт Б-нын уз. 5-100 мкм го жетет. Көбү шапалакчаларынын жардамы м-н кыймылдайт. Алар ар түрдүү физиол., биохим. касиеттерге ээ. Кээ бир түрлөрү ыңгайсыз шартта туруктуу спора пайда кылат. Кычкылтеги бар (аэробдор), о. эле ал жок жерде (анаэробдор) жашоого жөндөмдүү. Орг. заттар (гетеротрофтор) же орг. эмес заттардан орг. заттарды түзүп (автотрофтор) азыктанышат. Космополиттер, бардык материкте жашайт; топуракта, сууда, абада кеңири тараган. Алардын саны ж-а түрдүк курамы экол. шартка жараша болот. Заттардын табиятта айланышында Б-дын мааниси зор. Өсүмдүк ж-а жаныбарлардын калдыктарын толук минералдаштырып, тирүү клетканын курамына кирүүчү бардык хим. элементтердин айланышына катышат. Көпчүлүгү - киши, мал ж-а өсүмдүктөрдүн оору, ылаң ж-а илдет козгогучтары. Б. тамак-аш, микробиол., химия ж. б. өнөржай тармактарында колдонулат.
