БАКТУУ-ДОЛОНОТУ
БАКТУУДОЛОНОТУ , X у т о р, П р о г р е с с - Ысыккөл обл-нун Ысыккөл р-нундагы кыштак. Бостери айыл өкмөтүнө караштуу. Бишкек- Каракол автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 1680 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Чолпоната ш-нан 3 км чыгыш тарапта. Балыкчы темиржол бекетинен 83 км. Калкы 7380 (2005); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана, ашкана, үйбүлөлүк дарыгерлер тобу бар. Кыштактын четинде ипподром жайгашкан.