БАКТЫГУЛОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:22, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_1-69_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКТЫГУЛОВ Жумадил Сапалович (1936, Та­жикстан, Жергетал р-ну, Жергетал айылы - 2000, Бишкек) - тарых илимд. доктору (1975), проф. (1978). 1962-ж. КМУнун тарых ф-тин бү­түргөн. 1965-74-ж. ошол эле ун-ттин тарых ф-тинде окутуучу, доцент, 1974-жылдан Кыр гыз ССР ИАнын Тарых ин-тунда улук ил. кыз­маткер, Кыргыз мамл. дене тарбия ин-тунда кафедра башчысы, Кырг-н КП БКга караштуу Партия тарыхы ин-тунун директорунун орунбаса­ры, 1983-жылдан КМУУда кафедра башчысы болуп эмгектенген. 450дөн ашык ил. эмгектин (а. и. 18 монография, 10 окуу китеби) автору. Анын ил. эмгектери көчмөн кыргыздарды оту­рукташтыруу проблемаларын, Кырг-н тарыхы­нын историографиясынын маселелерин, кыргыз элинин калыптанышын ж. б. изилдөөгө арнал­ган. КРдин илимге эмг. сиң. ишмери (1991), эл агартуу отличниги (1986).
Эмг.: Из истории перехода кыргызского крестьянства к оседлости. Ф., 1971; Историография дореволюционного Кыргызстана. Ф., 1988; Организационно-хозяйственное укрепление колхозов Киргизии. Ф., 1991.