БАКУ
БАКУ , Б а к ы - Азербайжан Респ-нын борбор шаары. Апшерон ж. а-нын түш.-батышында, Каспий деңизинин батыш жээгинде жайгашкан. Калкы 1,1 млн (2005; шаар айланасы м-н 1,8 млн). Ири транспорт түйүнү. Тоңбогон порт.

Паром аркылуу Түркмөнбашы, Бекдаш (Түркмөнстан), Актау (Казакстан) ш. м-н байланышат. Эларалык аэропорту бар. 1967-жылдан метрополитен иштейт.
Б. шаары ж-дө 5-к-дагы жазмаларда, о. эле 9- 10-к-дагы географтардын (аль-Истахри, аль-Масуди ж.б.) эмгектеринде айтылып, мында нефть алынары белгиленет. 12-15-к-да Б-нун нефтиси Чыгыш өлкөлөрүнө чыгарыла баштаган. 12-кдын 2-жарымында Б. аз убакытка Ширван падышалыгынын борбору болуп турган. Б-ну 1540-ж. Сефевилер, 16-к-дын 80-жылдарында түрктөр, 1723-ж. орус аскерлери караткан. 1735-ж. ал Иранга кайтарылган. 1747-жылдан Баку хандыгынын борбору болуп калган. 1804-13-ж. орус - иран согушунун жүрүшүндө Б. Россияга кошулган (1806). 1917-ж. 31-октябрда (13-ноябрь) Б-да Совет бийлиги жарыяланган. 1918-ж. 31- июлда ички ж-а тышкы контррев-ячыл күчтөрдүн аракети м-н Совет бийлиги кулатылат. 1920-ж. 28-апрелде Азербайжан ССРинин түзүлгөндүгү жарыяланып, Б. анын борборуна айланган. 1991-жылдан Азербайжан Респ-нын борбору.
Баку бухтасынын жээктеринде ширваншах капкасынын калдыктары (1235), шаардын байыркы бөлүгүндө Ичери-шехер чеби (12-к.), чептин ички аймагында Мухаммед мечити ж-а Сынык-Кала минарети (1078-79), Кыз-Кала мунарасы (12-к-да кайрадан курулган), ширваншах сарайлар ансамбли (15-к.), Жума мечити (14-к.), Диван-хан, Шемахин дарбазасы, Хажи-хаммали мончосу ж. б. сакталган. Чептен сырткары кербен-сарайлар, овдан (жер астындагы суусактагыч), турак үйлөр ж. б. курулган. 1810-жылдан чепти айланта курулуштар башталган. 19- 20-к-да эллектизм ж-а модерн стилиндеги курулуштар ургаалдуу өнүккөн. 1920-30-ж. шаардын эски райондору жаңыланып, бир топ аянт ж-а парктар пайда болгон. Шаардын азыркы көрүнүшүнө арх. О. Дадашев м-н М. Усейновдордун салымы чоң. С. Низами атн. кинотеатр, Азербайжан политех. ин-ту (1993-жылдан ун-т), Өкмөт үйү (1952), респ. стадион (1952), аэровокзал (1964), мейманканалар («Интурист», «Азербайжан», 1969; «Москва», 1978), «Гүлстан» кубаныч сарайы (1980), метрополитен иштейт. «Бакунун 26 комиссарын атып өлтүрүү» горельефи (1924-46, 1958-ж.) орнотулган.
Б. - өлкөнүн ил., маданий борбору. Азербайжан УИА (1945), 90дон ашык ил. мекемелер, (315 жалпы билим берүүчү мектеп, 36 ЖОЖ (филиалдары м-н; а. и. 17си мамл.), Баку (1919), Азербайжан пед. (1921), Азербайжан мед. (1930) ун-ттери, Азербайжан нефть (1920-жылдан), денетарбия ж-а спорт, авиация (1992), мамл. башкаруу (1999) академиялары, консерватория (1921, 1991-жылдан У. Гажибеков атн. Муз. академия), жогорку аскер окуу жайы ж. б. бар. М. Ф. Ахундов атн. (1923), академиялык (1925) китепканалар, улуттук драма (1920-жылдан), орус драма (1923), М. Ф. Ахундов атн. опера ж-а балет (1920), Ш. Курбанов атн. муз. комедия (1938), куурчак (1931), «Йуг» (1993), «Пантомима» (2000) ж. б. театрлар, 26 музей (а. и. Азербайжандын көзкаранды эместиги, Р. Мустафаев атн. иск-во, Низами атн. Азербайжан ад-ты, Л. Керимов атн. Азербайжан килеми ж-а элдик жасалга-колдонмо иск-во, Азербайжандын муз. мад-ты) иштейт. О. эле П. БюльБюль оглы, М. Магомаев, У. Гажибеков, С. Вургундун үй-музейлери, сүрөт гал., филармония (анын курамында У. Гажибеков атн. симфониялык, камералык, улуттук аспаптар, мамл. эстрада оркестрлери, хор капелласы иштейт), киностудия («Азербайжанфильм», 1923), цирк, балдардын белгилүү шахмат мектеби (Г. Каспаров, Т. Ражабов ж. б. окуган) ж. б. бар.
Б. - Азербайжандын ири өнөржай (респ-нын өнөржай өндүрүшүнүн 60%тен ашыгын, чыгарылган продукциянын 60%тен ашыгын берет) борбору. Нефть, газ, нефть ажыратуу, нефтьхим. (шина, тиричилик химиясы), кара ж-а түстүү металлургия (болот, куюу, болот арматура
өндүрүшү з-ду), машина куруу (а. и. нефть өнөржайына керектүү жабдуулар), радиоэлектроника, жеңил (буткийим, пахта ф-касы), электртех., тамак-аш (шампан, шарап, эт комбинаттары) өнөржайлары бар.
Ад.: Ашурбейли С. Б. Очерк истории средневекового Баку (VIII - начало XIX вв.). Баку, 1964; Бретаницкий Л. С. Баку. 2-е изд. Л.; М., 1970.
Р. Карачалова, А. Орозов.