БАКУНИН
БАКУНИН Михаил Александрович (18(30). 5. 1814, Тверь губерниясы, Премухин кыш. - 1. 7. 1876, Швейцария, Берн) - орус революционера анархизмдин теоретиги, народниктердин идеологдорунун бири. 1848-49-ж. Австрия революциясына катышкан. 1851-ж. австриялык бийлик тарабынан Россияга кайтарылган. Алгач Петропавловск, кийинчерээк Шлиссельбург чебинде түрмөгө камалган. 1857-ж. Сибирге сүргүнгө айдалган. 1861-ж. Сибирден качып, Япония, АКШ аркылуу Лондонго барган. Ал жактан А. И. Герцен, Н. П. Огарёвдор м-н кызматташкан. 1864-65-ж. «Интернационалдык боордоштук» жашырын революциячыл коомун түзгөн. 1868-жылдан 1-Интернационалдын мүчөсү болгон. Ал К. Маркска ж-а анын жактоочуларына каршы чыккан. 1827-ж. Гаага конгрессинин чечими м-н Интернационалдан чыгарылган. Б-дин «Мамлекеттүүлүк жана анархия» деген эмгеги Россиядагы народниктер кыймылынын өнүгүшүнө зор таасир тийгизген. Анын окуусу б-ча, тарых - адам баласынын «жаныбарлар дүйнөсүнөн» «көзкарандысыздыкка» карай басып өткөн жолу; дин - коомдун аң-сезиминдеги адашуусу.