БАКУ ХАНДЫГЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:22, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_1-69_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКУ ХАНДЫГЫ - азыркы Азербайжандын аймагындагы 1740-1806-жылдардагы мамлекет. Апшерон ж. а-нан орун алган. Борбору - Баку. Аны Иран шахы Надирдин мурдагы жан-жөө­көрү Мирзо Мухамед-хан 1747-ж. негиздеп, 1768- жылга чейин хандык кылган. Чарбасынын не­гизин соода, жер иштетүү, туз ж-а нефть өндү­рүү түзгөн. 1804-13-ж. орус - перс согушунун жүрүшүндө Б. х. орус аскерлери тарабынан басып алынып (1806), 1813-ж. Гүлистан тынчтыгы б-ча Россия империясынын курамына кирген.