БАКУ ХАНДЫГЫ
БАКУ ХАНДЫГЫ - азыркы Азербайжандын аймагындагы 1740-1806-жылдардагы мамлекет. Апшерон ж. а-нан орун алган. Борбору - Баку. Аны Иран шахы Надирдин мурдагы жан-жөөкөрү Мирзо Мухамед-хан 1747-ж. негиздеп, 1768- жылга чейин хандык кылган. Чарбасынын негизин соода, жер иштетүү, туз ж-а нефть өндүрүү түзгөн. 1804-13-ж. орус - перс согушунун жүрүшүндө Б. х. орус аскерлери тарабынан басып алынып (1806), 1813-ж. Гүлистан тынчтыгы б-ча Россия империясынын курамына кирген.