БАКЧА ӨСҮМДҮКТӨРҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКЧА ӨСҮМДҮКТӨРҮ - ашкабактар тукумун­дагы эгилме өсүмдүк тобу (дарбыз, коон, ашка­бак ж. б.). Азия, Африка ж-а Американын тропик, субтропик өлкөлөрүнөн алынып келген. Алар төшөлүп же чырмалып өсөт. Жылуулук­чул (25-30°С) өсүмдүктөр. Кырг-нда которушту­руп айдоо жолу м-н эгилет, дың жерге, кысыр аңызга айдаса көп түшүм берет. Алар бышкан­да желет (дарбыз, коон), куурулуп, бышыры­лып, маринаддалып (ашкабак, кабак, патиссон), кургатылат. Цукат, бал, пюре алынат. Тоют катары (ашкабак, тоют дарбызы, коон) жаңы кезинде же саман, жүгөрү ж. б. кошуп, силостолуп берилет. Дарбыз, коон, ашкабак данынан май алынат. Зыянкечтери: бакча бити, бакча элкайдакөчөтү, шалбаа көпөлөгү, дарбыз­чы чымын. Илдеттери: акчирик, карачирик, фузариоз, антракноз.