БАКЫТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:22, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_1-69_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКЫТ - адамдын иш-аракети натыйжалуу болуп, олуттуу каалоолору, көздөгөн максаты
ишке ашып, өзү басып өткөн жолго, өз турму­шуна алымсынуу абалын билгизген этикалык түшүнүк. Б-тын маанисин туура түшүнүү адам­дын өмүрүнүн мазмуну м-н максатын тактоого байланыштуу. Байыркы грек ойчулдары (Сократ, Платон, Эпикур, стоиктер) Б-тын теория­лык мазмунун аныктоого аракеттенишкен. Бирок алар жеке адамдын коомдук өнүгүшкө бай­ланышпаган бактысы ж-дө жалпы эреже түзүүнү көздөшкөн. Ошондуктан Б-ты айрымдары дене м-н жандын жыргашы же керт башынын камын ойлоо десе (Гедонизм, Утилитаризм), кээ бирлери бул дүйнөнүн ыракатынан безип, өзүн тигил дүйнөгө багыштоо (к. Аскетизм) деп бил­ген. 18-к-да француз материалисттери адамдын бактылуу болушун алардын материалдык мү­дөөсүнүн канааттанышы м-н, ал эми Л. Фейербах болсо Б-ты махабат м-н байланыштырган.