БАЛ ААРЫ
БАЛ ААРЫ (Аріз шеШіега), б а к м а а а р ы - жаргак канаттуулар түркүмүнө кирүүчү аарынын уюк-уюк болуп жашоочу түрү. Дүйнө жүзүндө түш. кеңдиктен түндүккө чейин кеңири тараган. Аары уруусуна Б. а-нын 3 түрү (ири, кидик ж-а индия) кирет. Алар Түш. Индия, Шри-Ланка ж-а Түш. Азия аборигендери болуп эсептелет. Аары бакма түрүндө Индияда, Кытайда, Японияда, Ы. Чыгышта асырала баштаган. Алар эне аары (ургаачысы), эркеги - «жатып ичер» ж-а жумушчу (өрчүп жетилбеген ургаачы) болуп бөлүнөт. Ар уюкта бирден эне аары, эркеги (200гө чейин) ж-а 40-60 миң (кышында 10-15 миң) жумушчулары болот. Эне аарынын денеси 20-25 мм, жыныс органы жакшы өөрчүгөн. Ал тукумдоо кызматын гана аткарат. Эне аары 5 жылдай жашайт, 3 жаштан кийин жумуртка таштоосу азаят, ошондуктан балчелекчи уюкту (балчелекти) жаш эне аары м-н толуктап турат. Бал жыйноо, уюкту таза сактоо, тоюттандырууну жумушчусу аткарат. Б. а. түрдүү гүл ширесин чогултуп, аны жемсөөсүндө балга айландырат да, уюктагы мом чөнөктөргө жыйнайт. Аары Кырг-нда эгилме ж-а жапайы өсүмдүктүн 200дөй түрүнөн (негизинен эспарцет, беде, акация, тал, каражыгач, өрүк, караөрүк, алма, алмурут, күнкарама, пахта, четин ж. б.) бал ширесин чогултат. Кырг-ндын шартында ар уюктан сезондо 30-50 кг бал, 1 кг мом ж-а жаш уюк бөлүп алынат. Ал эми ар бир уюк кыш бою азык үчүн 20-25 кг бал керектейт. Чүй өрөөнү м-н Ош обл-нда жазда балчелектер бак ичине жайгашгырылып, кийин эспарцет ж-а пахта талааларына жакын өрөөнгө же жайытка коюлат. Кырг-нда 73312 балчелек бар (2005). Респ-нын шартында тоочул кавказ аарысын көбөйтүү ылайыктуу. Аарынын илдеттери: нозематоз, аспергиллез ж. б. Б. а-дан балдан тышкары мом, прополис, аары уусу, аары сүтү алынат. Ош, Талас ж-а Ысыккөл обл-нда Б. а-чылыгы жакшы өнүккөн.
Ад.: Халифман И. Пчёлы. 4 изд. М., 1963; Караваева Р. П., Новиков В. Ф, Яковлев В. Г. Пчеловодство Киргизии, перспективы его развития. Ф., 1967; Махмашарипов С. Бал өстүрүүчүнүн справочниги. Ф., 1984.