БАЛА БАКЧА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛАБАКЧА - мектепке чейинки курактагы балдарды тарбиялоочу мекеме. 1 жаштан 6-7 жашка чейинки балдар тарбияланат. Б. төмөн­күдөй топко бөлүнөт: 1-2 жашка чейин - нари­стелердин экинчи тобу; 2-3 жашка чейин - би­ринчи кенже балдар тобу; 3- 4 жашка чейин - экинчи кенже балдар тобу; 4-5 жашка чейин - ортоңку курактагы балдар тобу; 5-6 жашка чейин - жогорку курактагы балдар тобу; 6-7 жашка чейин - мектепке даярдоо тобу. Окуу-тарбия иштери жогоркудай жаш курактарына, жекече жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайык түзүлгөн програм­манын чегинде жүргүзүлөт. Ар бир топто 2030га чейин бала болот, ага тарбиячы ж-а анын жардамчысы бекитилет. Б-ны атайы пед. били­ми бар, тажрыйбалуу педагог жетектейт. Окуу­тарбия иши КР Билим берүү министрлиги та­рабынан бекитилген мамл. ж-а альтернативалык программалык документтер б-ча мамл., расмий тилде ж. б. улуттар басымдуу жайгашкан чөйрөдөгү ата-энелердин каалоосу б-ча тандалып алынган тилде жүргүзүлөт. Б-лардын педагог, врачтары режимдик талаптардын так аткарылышына, балдардын денсоолугуна ж-а алардын дене-бой жагынан өнүгүшүнө көзөмөл жүргүзүшөт. Дидактикалык-өркүндөтүүчү ж-а кыймылдуу оюндарга өзгөчө көңүл бөлүнөт. Ал эми атайы уюштурулган сабактарда балдардын көңүлү эне тилине, эсептөөгө, сүрөт ж-а конст­рукциялоого, ырдоо-бийлөөгө, айлана-чөйрө м-н тааныштырууга бурулат. Эмгекке тарбиялоо бал­дардын өзүн-өзү тейлөөгө, жаратылыш бурчун­да, бакчанын короосунда өсүмдүктөргө ж-а жа­ныбарларга камкөрүү милдеттерин аткаруу ар­кылуу жүргүзүлөт. Ата-энелер, коомчулук Б-да окуу-тарбия ишин уюштурууга, анын алдыңкы идеяларын эл арасында жайылтууга көмөк көрсөтүшөт. Ата-энелердин суроо-талаптарын аткаруу ж-а балдардын денсоолугуна камкөрүү, аларды колдоо максатында жер-жерлерде күнү­түнү иштөөчү, денсоолугу начар (мис., сокур, дү­лөй) балдар үчүн санаторийлик типтеги Б. уюш­турулат. Коомдогу социал.-экон. өзгөрүүлөргө бай­ланыштуу бюджеттик Б-лар м-н бирге азыркы күндө альтернативалуу: үйбүлөлүк Б., «Энелер мектеби», «Кошумча билим, тарбия кызматын көрсөтүүчү борборлор» ж. б. уюштурулууда.