БАЛАГАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:22, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_1-69_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛАГАН - 1) көчмө театр. О. кылымдарда Б. көчүп жүргөн артисттердин сахнасы катары пайдаланылган. Б. деп мурда чатыр аталган, анын кичинекей сахнасында чакан пьесалар ой­нолгон, о. эле жонглёрлор м-н дарчылар да чык­кан; 2) көңүл көтөрө турган оюн-зоок, комедия­нын бир түрү. Көбүнчө циркте маскарапоздор ой­нойт, мюзик-холлдо, кинодо да пайдаланылат.
Азыркы мезгилде Б. пантомима жанрында ж-а кээде кинофильмдерде кездешет.