БАЛАКИРЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛАКИРЕВ Милий Алексеевич [21. 12. 1836 (2. 1. 1837), Нижний Новгород - 16 (29) 5. 1910, Санкт-Петербург] - орус композитору, пианист, дирижёр, коомдук ишмер. Б-дин пианисттик ж-а дирижёрдук ишмерди­ги Петербургда башталган (1856). 1960-жылдарда «Орус­тун жаңы музыкалык мек­теби», «Балакиревдин ий­рими», «Кубаттуу топ» ат­туу ийримдерди уюштурган.
Ал «Орустун үч темасына увертюра» (1858, 2-редакция­сы 1881), «1000 жыл» аттуу орустун үч темасына экин­чи увертюра (1862) м-н чех увертюрасын (1867), 1-симфониясын (1864-98) жазган (2-симфониясы 1908-ж. жазылган). Орус­тун эпикалык симфония жанрынын жаралы­шы Б-дин ысмы м-н байланыштуу. Б. - орус­тун оригиналдуу фортепьяно стилин жаратуу­чулардын бири. Орус камералык-вокалдык му­зыкасында анын романстары м-н ырлары өзгөчө орун ээлейт.