БАЛАЛАЙКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:22, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_1-69_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛАЛАЙКА - орустун элдик үч кылдуу (мурда эки) чертме муз. аспабы. 18-к-дын башында жара­лып, домбраны ал­маштырган. Ай­рыкча жөнөкөй калктын арасын­да кеңири тарап, жеке, топтук (ан­самблдик) атка­рууда элдик ыр­ларды, бийлерди, частушкаларды ж. б. чыгармалар­ды коштойт. 19-

к-дын аягында музыкант В. Андреев С. Нали­мов ж. б. муз. усталар м-н бирдикте Б-ны өр­күндөтөт, орустун тунгуч эл аспаптар оркестрин уюштурат. Башгалгыч муз. мектептерде, окуу жайларда ж-а консерваторияларда Б-да ойноо б-ча адистер даярдалат.