БАЛАСАГУН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛАСАГУН - Чүй өрөөнүнөн орун алган орто кылымга таандык шаар; Караханиддер мамле­кетинин борбору. Шаар ж-дө алгач маалымат берген араб автору ал-Мукаддаси Б. шаарын башка шаарлардан чоң болгондугун, эли өтө көп экендигин баяндайт (10-к.). Махмуд Кашгари­нин (11-к.) «Китаб диван лугат ат-түрк» сөздү­гүндө Б. шаары, о. эле Куз-Ордо, Куз-Улуш деп да берилген. Ушул эле автордун картасында Б. Тараз ш-нын түштүгүнө жайгаштырылып, тоолор м-н курчалат. Ас-Самани (12-к.) ж-а Якут (13-к.) Б-ду Кашкарга жакын жайгаштырат. 13- к-дагы айрым авторлордун эмгектеринде шаар Чүй суусунун жээгинде жайгашкандыгы айты­лат. Абу-л-Фиданын (14-к.) эмгегинде бул шаар­дын астр. көрсөткүчтөрү берилген. Мухаммед Хайдар (17-к.) Чүй суусунун боюндагы чоң шаар­дын мунара, медресе сыяктуу калдыктары сак­талган жерде имам Мухаммед Факих Баласагу­нинин мүрзөсүнүн үстүндө эстелик бар экендигин эскерген. Мунед Джим-Баши (17-к.) Б-ду Кашкардан алые жерге жайгаштырып, анын астр. көрсөткүчтөрүн берет. 11-к-да Б. шаарын­да байыркы түрк жазма эстеликтеринин бири «Кутадгу билигдин» автору, акын, илимпоз, ой­чул Жусуп Баласагуни туулуп-өскөндүгү бел­гилүү. Тарыхчылар В. Бартольд, А. Бернштам ж-а кыргыз окумуштуулары А. Абетеков, Ө. Караев, 3. Эралиев тарыхый жазуу маалыматтар­га ж-а археол. табылгаларына таянышып, байыркы Б. азыркы Токмок ш-нын жанындагы Бурананын аймагында болгон, Акбешим шаар­часынын уранды калдыгы Б. шаарынын бир бөлүгү деп эсептешет. Шаардын ортосунда ири ак-сарай ж-а бийик мунаралуу жамы мечит, анын жанынан көрүстөн орун алган ж-а соода-сатык, мектеп, окуу жайлары, дүкөндөр, мончолор ж. б. болгон, о. эле элчиликтер жайгашкан. Шаар-

Баласагун шаар калдыгынын урандылары.

дын сырты чоподон согулган дубал м-н курчал­ган. 14-к-да ичара узакка созулган согуштардын натыйжасында жок болушу ыктымал.
Ад.: Материалы по истории киргизов и Киргизии. М., 1973; Горячева В. Д. Средневековые городские центры и архитектурные ансамбли Киргизии. Ф., 1982; Ө. Кара уулу. Көөнө түрктөр тарыхы. Б., 1994; Плоских В. М. Наш Кыргызстан. Б., 2004.