БАЛА САЛУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:22, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_1-69_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛА САЛУУ , а б о р т - бооз малдын өлүү туушу же түйүлдүктүн жатында куурашы. Б. с. толук (түйүлдүк жатында өспөй өлөт), то­лук эмес (бир же бир нече түйүлдүк өспөй калып, калгандары нормалдуу туулат), байкал­баган (өспөй калган түйүлдүк жатындан түшпөй тону м-н кошо өсүп, билинбей кетет) болуп айыр­маланат. Түйүлдүк өлгөндөн 2-3 суткадан кийин түшөт, кээде түшпөй, жатында калып чи­рип (эмфизематоздуу түйүлдүк), бооз мал көбүнчө өлүмгө учурайт. Жугушсуз ж-а жугуштуу (ин­фекциялуу ж-а инвазиялуу) ылаңдан да Б. с. болот. Жугушсуз ылаңдын кесепетинен (бооз малдын жүрөк, боор, бөйрөк, өпкө ылаңы) ж-а чириген сапатсыз тоюттан, о. эле ичин катуу уруп алуу, жыгылуу, оор жумушка чегүү, үркүү, жугуштуу ылаң м-н (паратиф, бруцеллёз, виб­риоз, трихомоноз, сальмонеллёз, сибирь жара­сы, шарп, туберкулёз) ылаңдаганда да болот. Айрым малдын жатынынын өсүп жетилбей калышы ж. б. себептерден да болуп, өнөкөт Б. с. деп аталат. Мындай мал өзүнчө бөлүнүп, мурда турган жери дезинфекцияланат, Б. с-нун себе­би изилденет. Өлүү түшкөн козу, кулун, му­зоо ж. б. вет. лабор-да изилденет; тоюттун сапаты текшерилет ж. б.
Ад.: Студенцов Л. П. Ветеринарное акушерство и гинекология. 3-е изд., М., 1961.