БАЛА-ЧЫЧКАН ТЕМИР КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:22, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_1-69_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛАЧЫЧКАН ТЕМИР КЕНИ Талас р-нунда, Талас Алатоосунун этегинде, Балачычкан суу­сунун сол капталында, деңиз деңг. 2000-3000 м бийиктикте. 1967-ж. ачылган. Кен аймагын протерозой мезгилинин акиташ, филлит, сланец катмарлары, ордовик мезгилинин гранит, пи­роксенит, габбро тектери түзөт. Пироксениттин калыңдыгы 100-150 м, аянты 2 км2 болгон тул­кусунда титан-магнетит топтолгон (1-20%). Негизги минералдары: титан-магнетит, азыраак магнетит, ильменит, гематит. Кенташтагы (рудадагы) Ғе2О3-16,42%, ТіО2-3,54% , ¥205-0,06%, СО-0,05% . Алардын болжолдуу запасы: Ғе2О3- 1100,7 млн т, ТіО2-237,2 млн т, ¥205-4,02 млн т, СО-3,35 млн т.